Алгачкы тапшырма

Төрагасы А.Жээнбеков С.Нарышкин менен жолугушту

Toraga_NaryshkinКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-ноябрда Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Жолугушууга депутаттар Галина Скрипкина менен Сайдулла Нышанов катышты.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселесин талкууланды.

Төрага А.Жээнбеков Мамлекеттик Думанын төрагасы С.Нарышкиндин өткөн жылдын октябрында Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болгонун билдирди. Ал Орусия Федерациясы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп санала турганын, акыркы жылдары мындай жылуу мамилелер ар тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык, аскердик-техникалык багытта кыйла жандуу өнүгүп баратканын баса белгиледи.

ОФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы С.Нарышкин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык мамилелер эки тараптуу да, көп тараптуу да форматта ырааттуу өнүгүп жатканын айтты. Мамдуманын төрагасы маектешинин көңүлүн социалдык-гуманитардык байланыштарды чыңдоо зарылчылыгына бурду.

Кыргызстандан барган эмгек мигрантарынын Орусиядагы жагдайына кайрылуу менен, тараптар көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында эки парламенттин биргелешип аракеттенүү зарылдыгын баса белгиледи. Ушундан улам, А.Жээнбеков мамлекеттердин мындан да жакындашына түрткү бере турган жалпы баалуулуктарды, маданий-гуманитардык жана тарыхый байланыштарды биргелешип жайылтуу чараларын колго алуу зарылдыгына токтолду.

Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине кошулуу темасы талкууланып жатканда, Жогорку Кеңештин Төрагасы бул маселе жаатында оң жылыштар бар экенин белгилөө менен бирге, өлкөнүн Бажы бирлигине мүчө болуунун алгачкы этабында айрым бир кыйынчылыктар да жарала турганын айтты. Ушундан улам, А.Жээнбеков ушу тапта жүрүп жаткан талкуулоо жүрүмүнүн катышуучулары тарабынан берилген сунуштарга орусия тарап түшүнүүчүлүк менен мамиле жасап, колдоо көрсөтөрүнө ишеним артып жатышканын билдирди. «Кыргыз тараптан сунушталган чаралар Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуусунан улам келип чыгуучу айрым кыйынчылыктарды жумшартат», – дейт ал.

ОФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы С.Нарышкин Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбековду 2014-жылы Орусия Федерациясына расмий иш сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле, ал кесиптешин кыргыз парламентинин 75 жылдын маарекеси менен куттуктады.

Жолугушуу Төрага А.Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңеш делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы КМШ ПАА, ЕврАзЭШ ПАА, ЕККУ ПА жыйындарына катышуу алкагында өттү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Запись опубликована в рубрике Жаңылыктар, КР тууралуу с метками , , , , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *