002

Окуядан кийинки абал

Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат

Чүй олбпрокуратурасы кимдин кызыкчылыгын коргойт?

P.S. Редакциябызга, ушундай аталыштагы кайрылуу кат келип түштү. Окуп чыксак, чындап эле бүгүн коомчулук кызыгып жаткан, сот, прокуратура органдарынын ишмердиги тууралуу жазылыптыр. Каттын ээси, мыйзам өз тарабында турса дагы канча айдан бери акыйкаттык таппай жатканын айтып, кан какшайт.<!–moreТолугу мененМен, Кулбаев Уран Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү милициянын ага лейтенанты 2013-жылдын 16-июлда кечинде шеригим ыкчам өкүл, милициянын ага лейтенанты А.Батырканов экөөбүз Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылындагы Дачада №58-13-371 бети ачылбаган уурулук боюнча козголгон кылмыш ишинин үстүнөн оперативдик аракеттерин кылып, айыл ичинде экиге бөлүнүп, кыдырып жүргөнбүз. Болжол менен саат 19-20лар чамасында Дачанын ичинде “Дайхатцу” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасынын ичинде эки бейтааныш адам арак ичип отурушкан экен. Алар шектүү көрүнгөнүнөн алардын өздүгүн тактап, эмне иш менен бул жакта жүргөнүн билиш үчүн алардын жанына барып өзүмдүн кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтүп аты жөнүмдү айтып,

“Аламүдүн РИИБнын Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ага ыкчам өкүлүмүн” деп тааныштырып алардын өздүгүн аныктоочу документтерин сурадым. Бирок алар мас абалында болгондуктан менин суроомо каршы жооп берип “Сен кимсиң бизди текшергендей…” деп, өздүгүн аныктоочу документтерин көргөзүүдөн баш тартышып, уят сөздөр менен сөгүнө башташкан. Бул сөздөрдөн кийин мен аларды айылдык милиция бөлүмчөсүнө барууларын сурандым. Бирок алар менин өтүнүчүмдү аткарбай кайрадан физикалык күч колдонуу менен каршылык көрсөтүп, мага кол салып өздөрүнүн автоунаасына салууга аракет кылышты. Алардын бирөөсү – Аскаров деген киши менин оң колумдан кармап машинеге тартып жатканда экинчиси – Макенов мени сол жак көзүмдүн үстүнө уруп жиберди, натыйжада менин сол жак чекемдин үстү жарылып бетимдин баары кан болду.

(Эскерте кетсек Макенов бокс боюнча спорт чеберинин кадидаты экени айтылууда). Анын колунда таш же кирпич сыныгы бар экен, ал мени кайра экинчи жолу ураарда мен Аскаровдун колунан бошонуп өзүмдү коргоо максатында аны менен урушууга туура келди. Анан Аскаров экөөлөп кайрадан кол салганда мен качууга мажбур болдум. Ары качып барып телефон аркылуу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына билдирип жардам сурадым. Болжол менен 15-20 мүнөттөн кийин ПОМдун начальниги, милициянын капитаны Р. Алыбеков менен УИМ К.Даирбеков экөө келип алардын жардамы менен мага кол салган адамдарды кармап ПОМго алып келдик.

Бул милиция кызматкерине мас абалында кол салуу фактысы боюнча Аламүдүн РИИБнын нөөмөт бөлүгүнө билдирип ал жактан ыкчам тергөө тобу келип жогорудагы Макенов жана Аскаров экөөнө материал топтоп райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткен.
Мен денемен жаракат алганыма байланыштуу ошол эле күнү Чүй облустук больницасына жатууга мажбур болдум, ошол жерден рапорт жазып жогорудагы мага кол салган адамдарга чара көрүүнү суранып тергөөчүнүн колуна бергем. Соттук медициналык экспертизанын 2013-жылдын 1-августундагы № 395- корутундусу денеме келтирилген залал далилденип турат.
Бул окуядан 2-3 күн өткөндөн кийин жоопкечилик тартуудан качуу максатында М.Макенов Аламүдүн райондук Прокуратурасына арыз менен кайрылган. Анын арызынын негизинде мага кылмыш ишин козгоп, Чүй облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Ч.Салимбеков тергөө ишин жүргүзүп жатат. Айта кетүүчү жагдай тергөөчү Салимбеков мага кысым көрсөтүп “ мен сага көрсөтөм эми, кабинетимен чыгып кет” –деп орой мамиле жасап жатканын айта кетпесем болбойт. Ал эми менин арызым боюнча 01.08.2013-жылдын 1-августунда ошол эле прокуратуранын ага жардамчысы З. Алиева Макеновдун үстүнөн иш козгоодон баш тартуу токтомун чыгарган.
Мен бул кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому менен макул эмесмин. Анткени мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткарып жүргөн учурда, мас абалындагы кишилер мага кол салып, күч колдонуп, мени сабап жатса бул эмне кылмыш эмеспи? Буга карабастан прокуратура Макенов менен Аскаровдун аракеттеринде кылмыш курамы жок деп, жана далил жок деп мыйзамга каршы чечим кабыл алган. Ошондой эле азыркы учурда Чүй облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан мага ар кандай кысымдар көрсөтүлүп жатат. Ошол себептен мен аларга ишенбейм.
Андан тышкары бул факты боюнча менин рапортумдун негизинде окуя болгон жерге чыккан тергөөчү Ч . Мамбетсултанов ишти териштирип Макенов менен Аскаровдун кылмыш аракетинде кылмыш курамы бар деп таап, Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 341-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, райондук Прокуратурасына карточкага кол койдурганы алып барган. Бирок райондук Прокуратуранын зампрокурору Б.Төлөмүшо карточкого кол койбой айрып салып, материалдарды өзүбүз териштиребиз деп алып калган. Натыйжада иш козгоодон баш тартышкан. Муну мен мыйзамга туура келбеген чечим деп эсептейм. Бул жерден райпрокуратура өзүнүн бир тараптуу кызыкчылыгын көрсөтүп койду.
Уран Кулбаев,
Аламүдүн райондук
ИИБсинин кчам өкүлү,
милициянын ага лейтенанты

Запись опубликована в рубрике Жаңылыктар, Менин материалдарым с метками , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *